Ырчы Каныкей: «Кымбатты абдан эркелетчүмүн. Бетинен өпсөм уялчу экен»

Ырчы Каныкей менен актриса Кымбат Асизова — жашоодон табышкан эже-сиңди, курбулар. 15 жылдан бери ынак болуп, ысык-суукта эриш-аркак жүргөн аларды “Менде бир дос бар…” берүүсүнө конокко чакырып, маектештик.

Алардын айтымында, бир окуу жайга тапшырышып, ошол жерден таанышып калышкан. «Мен Кымбаттын кайдан келгенин сурадым. Ал интернатта чоңойгонун, ата-энеси жок экенин айтты. Мен толук үй-бүлөдө чоңойгонуктан анын айткандарын башкача кабыл алдым. Кымбат интернаттагы күндөрүн айтып берчү. Тамакты чогуу, бөлүп иччүбүз. Ошол күндөр абдан таттуу. Кымбат кичинекей кыз болчу. Эркелете берчүмүн. Бетинен өпсөм уялчу экен да»,- деди Каныкей.