Ырчы Каныкей: «Ооруга медицина да жардам бере албаган кезде, байлык бир тыйын экен дедим»

Кыргыз эстрадасындагы өзгөчө стилдүү, өзгөчө үндүү ырчы Каныкей акыркы жылдардагы жашоосундагы чоң бурулуштарды айтып берди. «Ден соолукка байланыштуу көп сыноолорго туш болгондон кийин ар бир мүнөттү баалап жашап калдык» дейт ырчы айым.

«Мындан 2 жыл мурда ден соолукка байланыштуу жагдайга туш болдук. Байлык, мансап болсо да, ден соолуктан артык эч нерсе жок экен. Медицина да жардам бере албаган кезде ойго келдим. Көрсө, материалдык байлык бир тыйын экен. Депрессия болгон убакыт болгон. «Эмне үчүн ушундай?», «Адамдын жок болушу бир саам турбайбы» деп ойлондум. Азыр Кудайга шүгүр», — деди ал.