Ырчы Кэти Перри көзүнүн кызыктай болуп ирмелиши тууралуу үн катты

Америкалык ырчы Кэти Перри концерт учурунда көзүнүн кызыктай болуп ирмелишинен улам оорусу тууралуу ушактар боюнча үн катты. Ал бул тууралуу билдирүүнү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Кэти Перринин айтымында, ал болгону сахнага чыккан образына ылайык, куурчактын бузулуп калган көзүн окшотуу үчүн жасалган трюк болгон.