Ырчы Кудайберди Айтбосунов уулдуу болду

“Жалаңач баатыр” долбоорунун катышуучусу, ырчы Кудайберди Айтбосунов уулдуу болду. Бул тууралуу ал SUPERTV`га билдирип, кубанычы менен тең бөлүштү.

“Келинчегим Айчүрөк бүгүн, 19-февралда таңкы саат 6:45те көз жарды. Уулубуз салмагы 3500 килограмм болуп төрөлдү. Ата болгондогу сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Алдымдан чыккан адамдардын баарына эле сүйүнчүлөп бүтпөй жатам. Балабызга ысым коюу ата-энебиздин моюнунда. Азыр бир ысымды болжолдоп жатабыз, бирок так токтоло элекпиз”, — дейт ал.