Ырчы Кундуз Канатбек кызы уулдуу болду

Ырчы Кундуз Канатбек кызы уулдуу болду. Бул жаңылыкты ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялап, ымыркайынын сүрөтүн жүктөдү.

Белгилүү болгондой, ырчы 9-февралда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.

Кундуз Канатбек кызы менен жолдошу буга чейин Алия аттуу кызды тарбиялап келишкен.