Ырчы Кызсайкал Кабылова менен жолдошу уул күтүп жатканын билишти

Ырчы Кызсайкал Кабылова менен жолдошу “гендер пати” уюштуруп, уул күтүп жатканын билишти. Ырчы айым видео менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Алар өткөн айда наристе күтүп жатканын ачыктап, бирок уул же кыз экенин биле электигин жазган.

Ырчы Кызсайкал Кабылова 2022-жылы турмушка чыккан. Анын Альфия аттуу кызы бар.