Ырчы Мажит үчүнчү ирет ата болду

Ырчы Мажит кыздуу болду. Бул тууралуу карындашы, ырчы Кызсайкал Кабылова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Сүйүнчү! Дагы бир сиңдилүү болдум. Мажит байке, Бермет жеңе, бешик боо бек болсун! Бул төрөт жеңеме бир аз кыйыныраак болду окшойт. Бирок менин чыдамкай, оор басырыктуу жеңем аны да жеңди. Алтыным, батыраак тынып, эртерээк арабызда күлүп-жайнап жүрүңүз. Сиз жакшы баскыча балдарды өзүм карайм. Кам санабаңыз», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, бул ырчынын үчүнчү наристеси. Мажит менен жубайы буга чейин Айбийке аттуу кызды жана Исхак аттуу уулдуу тарбиялап келишкен.