Ырчы Максат Бегалиев кыздуу болду

Бүгүн, 6-июлга караган түнү ырчы Максат Бегалиевдин жубайы шаардагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Бул тууралуу ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги менен сүйүнчүсүн бөлүштү.

“Учурда кубанып турган учурум, эки кыз, эки уулдун атасы болдум. Жубайымдын жана кызымдын абалы жакшы, алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Кызымдын салмагы жубайымдын айтуусу боюнча 4 килограмм экен”, — дейт Максат Бегалиев.