Ырчы Максат Садырбековдун уулдуу болору белгилүү болду (видео)

Кечээ, 26-декабрда «Non stop» дуэтинин солисти Максат Садырбеков экинчи ирет ата болорун жар салган эле. Бүгүн ырчы Инстаграм баракчасына «Гендер пати» уюштургандагы видеосун кошуп, уулдуу боло турганын жарыялады. «Сөз менен айтып жеткире албайм. Кудайыма ыраазычылык», — деп жазды ал.

Максат Садырбеков менен жубайы Айсулуу Молдалиева 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 2019-жылы баш кошушкан. Учурда жубайлардын Мия аттуу кызы бар.