Ырчы Марс: «Фонограмма жок, концерт жок»

Ырчы Марс 1-январдан тарта күчүнө кирген фонограммага тыюу салуу мыйзамы боюнча үн катты.

«Фонограмма жок! Концерт жок! Эми бул жагы кандай болот, Спорт ордосу, Филармония акча таппай калат да. Бизде «мощный» аппаратура жок. Негизи ырчыларга неге бардык шарт түзбөй туруп эле мыйзам чыгара беришет? Ушуларга таң калам.

1. Ырчыларга вокалдык жактан даярдана турган жер керек.
2. Жакшы аппаратура болуш керек. Мен мурда эле жандуу үнгө макул болчумун», — деп жазды ал.