Ырчы Марс «шаардык кызын» тапты, жакында той

“Шаардык кыз Аида” деп ырдаган ырчы Марс сүйүктүүсүнүн колун сурады. Мындай кубанычтуу кабардын ээсин куттуктап, байланышып, мындай жооп алдык.

“Сүйүктүүмдүн колун 8-мартта сурагам, эми ачыкка чыгып жатат. Аты Мээрим. 1994-жылы Бишкекте туулган. Экөөбүз мамиле курганыбызга 1 жылдай болуп калды, былтыр карантин учурунда таанышканбыз. Алдыда агам сүйлөшкөн кызымдын ата-энеси менен таанышат. Орозодон кийин баш кошолу деп турабыз”, — дейт кубанычын жашырбаган Марс мырза.