Ырчы Марс «шаардык кызына» баш кошту (сүрөт)

SuperTV телеканалындагы «Жылаңач баатыр» долбоорунун катышуучусу, “Шаардык кыз Аида” деп ырдаган ырчы мырза Марс бойдокчулук менен коштошту.

Ал бүгүн, 21-сентябрда Мээрим аттуу сүйүктүүсүнө баш кошту. Дегенибиз сүйүктүүсүн кыргыздын салты менен үйүнө алып кетти. Үлпөт той учурда Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп жатат.

Ырчы мырза сүйүктүүсүнүн колун 8-мартта сураган. «Мээрим 1994-жылы Бишкекте туулган. Экөөбүз мамиле курганыбызга 1 жылдай болуп калды, былтыр карантин учурунда таанышканбыз. Алдыда агам сүйлөшкөн кызымдын ата-энеси менен таанышат. Орозодон кийин баш кошолу деп турабыз”, — деген ырчы мырза.