Ырчы Минюра Рахимжанова турмушка чыкты

Ырчы Минюра Рахимжанова сүйүктүүсү менен турмуш жолуна аттанды. Үлпөт той кечээ, 12-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өттү.

Ырчы айымдын колун жигити мындан 2 ай мурда туулган күнүндө сураган эле. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасында «Туулган күнүм ушундай башталды. «Ооба» дедим» деп жазган.