Ырчы Мирбек Иманбеков дарылануу үчүн Түркияга учуп кетти

Ырчы Мирбек Иманбеков дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчынын сахналаштары билдиришти.

Алардын айтымында, ырчы мырза бүгүн, 29-сентябрда Түркияга учуп кеткен. «Дарыланууга акча каражатына жакын санаалаштары, сахналаштары, достору, жакындары жардам беришти. Ал жакта канча убакыт дарыланары азырынча белгисиз»,— дешти алар.

Буга чейин ырчынын жубайы анын катуу ооруп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып, мекендештерден дуба кылып коюуну суранган. Маалыматтарга караганда, ырчы боор оорусу менен жабыркап жатат.