Ырчы Назира Токонова кош бойлуу экенин, кыз күтүп жатышканын ачыктады

Ырчы Назира Токонова кош бойлуу экенин, кыз күтүп жатышканын ачыктады. Түгөйлөр «гендер пати» уюштурган видеосу менен бөлүшүштү.

«Кудайга шүгүр. Негизи Жаратканым кыз береби, уул береби эң башкысы ден соолугу чың, алты саны аман,12 мүчөсү толук наристе берүүсүн тилендим. Кудайыма шүгүр, бир уулдан кийин кыз берип, бизди чексиз бакытка бөлөп жатканына. Анткен менен эне баарын сезет эмеспи. Уулумда да негедир УЗИге барганга чейин эле уул болот деп сезгем. Мында да негедир кыз болоорун жүрөгүм сезген», — деп жазды ал.