Ырчы Нюша кош бойлуулугу тууралуу айтылган кептерге чекит койду

Ырчы Нюша орусиялык басылмалардын биринин иш-чарасына барып, анда катышуучулар менен биргеликте экологиялык маселелер тууралуу талкуу жүргүзүшкөн. Баяндамачылардын арасында болгон ырчы кыска социалдык ролиги менен бөлүшүп, анда наристе тууралуу төмөнкүдөй сөз кылган.
Мен өзүм үчүн гана эмес, өзүмдүн ичимдеги дагы бир сонун, кичинекей жашоо үчүн жашаш керектигин түшүндүм”, — деп айткан.
Анын бул сөзү күйөрмандары арасында талкууга түшүп, көпчүлүк “ырчы экинчи кош бойлуулугун ачыктады” деген пикирлерди калтырган.
Мындан улам ырчынын расмий пиар-агенти бул боюнча билдирүү жасап, кеп-сөздөргө чекит коюуну туура көргөн.
Видеодо Нюша биринчи кош бойлуу болгон кезин айтып жатат”, — деп билдирген.