Ырчы Омардын жубайы Диана соцтармактагы баракчасына үчүнчү наристе күтүп жатышканын жазды.
«Биз абдан бактылуубуз жана наристебизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Айтмакчы, бул жолку кош бойлуулук бир аз кыйын өтүп жатат», — деп жазды ал.
Омар менен келинчеги 2017-жылы баш кошушкан. Алар бир кыз, бир уулду тарбиялап келишет.