Ырчы Оскар эл аралык музыкалык сынакка катышууда

Башкортостандын Уфа шаарында өтүп жаткан “Яңы моң” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан Оскар аттуу ырчы катышып жатат.

Оскардын айтымында, сынак көптөгөн баскычтардан турат. Ар жума сайын ар кандай тапшырмалар берилип, түрдүү формада өтөт. Ырчы сынак тууралуу SUPERTV’га буларды билдирди:

“Сынакка курбум Айжан Нусубалиеванын сунушу менен катышып калдым. Жаңы конкурс, катышып көр деп сунуштаганынан макул болуп, видеолорумду сынактын уюштуруучуларына жибердим. Онлайн тандап алууда 5 миңге жакын катышуучу видео жиберген экен. Анан Кыргызстандын атынан мени тандап, алгачкы этапка кастингге чакырышты. Кастингден өтүп, кыргыздын намысын  коргоп жатам.
Сынакты Уфа шаарында Орусия шоу-бизнесинин белгилүү ырчысы Элвин Грей Башкортостан Республикасынын Маданият министрлиги жана Лина Арифулина менен бирге уюштурушкан.

Биринчи баскычта өз эне тилибизде ырдадык. Мен Мирбек Атабековдун “Мурас” чыгармасын аткардым. Учурдан пайдаланып, аткарууга уруксатын берген, кеп-кеңешин айткан Атабековго ыраазычылыгымды билдирем. Сынактын экинчи баскычында  Валерий Меладзенин репертуарындагы ырды аткардым. Анда Меладзе мага кошулуп ырдап, колдоп турду.  Ошентип, экинчи баскычтан өттүм. Учурда үчүнчү баскыч үчүн даярданып жатабыз. Бул сынакка Орусия, Татарстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн 13 катышуучу ат салышып жатабыз».

Аталган сынактын баш байгеси 1 миллион рубль. Ошондой эле жеңүүчүлөргө Элвин Грейдин  продюсерлик борборлору менен келишим түзүүгө жол ачылат.