Ырчы Роза Рымбаевага «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы берилди

Бүгүн, 19-апрелде президент Садыр Жапаровдун Казакстанга расмий сапарынын алкагында өлкөнүн маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигинин сайтында маалымдалды.

“Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардактуу наамы советтик жана казак композитору Алтынбек Коразбаев менен Казакстандын Эл артисти Роза Рымбаевага ыйгарылды. «1996-жылы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына ээ болгом. 28 жылдан кийин “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген ардактуу наам алдым. Бул мен үчүн чоң жетишкендик», — деди ал.