Ырчы Сагын Эргешов: «Эрте үйлөнүп, атамды келиндүү кылып үлгүрбөй калбаганыма өкүнөм»

Ушул акылым мурда болгондо мен үйлөнүп, атамдын тилегин аткарып калмак экенмин. Бул тууралуу ырчы Сагын Эргешов маек берип жатып билдирди.

«Азыр үйлөнгөндөн корком. Анткени той күнү мага бир нерсе жетпегендей болот. Ичимден жей берем, анан бир аз жүрө турайынчы деген ойго келдим. Атам «сен үйлөнгөндө мен тоюңа кычырап барып, апаңдын жанында турам, анан көргөндөр «аттиң Эргеш» дешет да» дечү. Атамдын күткөн нерсесин бере албай калдым», — деди ал.