Ырчы Салидинас турмуш жолуна аттанды

Ырчы Салидинас турмушка чыкты. Ырчы айымдын кыз узатуу тою кечээ, 19-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өттү.

Жакшылыкка алардын ата-энелери, жакындары, сахналаштары күбө болушту. Белгилей кетсек, Салидинастын жолдошу «Асман» вокалдык сынагынын 2-сезонунун жеңүүчүсү Урмат Токомбаев. Ырчы айымдын колун жигити 11-октябрда Бишкекте өткөн Ka4eli Fest фестивалында сураган. Салидинас«ооба» деп жооп берген.