Ырчы Салидинастын жигити колун сурады

Ырчы Салидинастын жигити колун сурады. Анын жигити «Асман» вокалдык сынагынын 2-сезонунун жеңүүчүсү Урмат Токомбаев. Учурда жаштардын санаалаштары, достору Инстаграмдагы баракчаларга аларды белгилеп, куттуктап жаткан чагы.

Маалыматтарга караганда, ырчы айымдын колун жигити кечээ, 11-октябрда Бишкекте өткөн Ka4eli Fest фестивалында сураган. Салидинас «ооба» деп жооп берген.