Ырчы Самара Каримова кош бойлуу экенин ачыктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров төртүнчү наристесин күтүп жатышат. Ал «гендер пати» өткөргөн видеосун жарыялап, кыз күтүп жатышканын билдирди.

«Сүйүнчү! Биздин үй-бүлө төртүнчү наристебизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Эстелик болсун деп «гендер пати» өткөрүп алдык», — деп жазды.