Ырчы Самара Каримова менен жолдошу жол кырсыгына кабылдыбы? Продюсеринин жообу

Буга чейин айрым ЖМКлар ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуровдун жол кырсыгына кабылганын жазып чыгышкан эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маалыматты тактоо үчүн ырчынын продюсери Назира Бактыбекова менен байланышты.

Ал бул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере албастыгын жана эч кандай кырсыкка кабылышпаганын айтты. «Жок, алар жакшы эле. Кырсыкка кабылышкан жок. Бул боюнча азырынча комментарий бере албайбыз»,- деген жоопту уктук.