Ырчы Самара Каримова Өзбекстандын «Кадырхан» сериалына кайрадан тартылып жатат. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жазды.
«Дагы деле Өзбекстанда популярдуу көрүлүп жаткан “Кадырхан” сериалына кайра чакыруу алдым. 1-сезонго катышкан элем. Абдан ийгиликтүү болгон. Канча күндөн бери Ошто тартуу иштери болду. Буйруса Ташкентте да тартылат. Учурда 500-сериядан ашыптыр. Демек бул абдан кызыктуу сериал дегени. Күйөрмандарым бир эле Кыргыз өлкөсүндө эмес Өзбекстандан да көбөйүп жатканы кубандырат», — деп жазды ал.