Ырчы Самара Каримованын Инстаграмдагы катталуучуларынын саны 3 миллионго жетти

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримованын Инстаграмдагы баракчасында катталуучуларынын саны 3 миллионго жетти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчынын өзү менен байланышканыбызда, мунун урматына эч кандай иш-чара болбой турганын билдирди. «3 миллион катталуучу топтогонуңузду белгилейсизби?» деген суроого «жок» деп жооп берди.

2018-жылы 24-августта Бишкектеги тойканалардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова миллион катталуучу топтогону үчүн кече өткөргөн. Салтанатка ар тармактуу чөйрөнүн өкүлдөрү, ырчынын курбу-курдаштары, жакын туугандары жана кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү барышкан.