Ырчы Самат Муратбеков үч кыздан кийин уулдуу болорун билди (видео)

“Жебе” тобунун мурдагы солисти, ырчы Самат Муратбеков менен жубайы төртүнчү наристесин күтүп жатышат. Түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасына «гендер пати» уюштурган видео менен бөлүшүштү.

Алар кутудан чыккан шарлар менен уул күтүп жатканын билишти. Учурда түгөйлөр үч кыздын ата-энеси.