Ырчы Шахзода уулдары менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады

Өзбекстандык ырчы Шахзода социалдык тармактагы баракчасына уулдары менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп келет. Бул жолу да тун уулу менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү.

Шахзоданын биринчи турмушунан Салих, ал эми экинчи жолдошу жеке ишкер Равшанбек Юлдашев экөөнүн Халид аттуу баласы бар. Юлдашев 2020-жылы 58 жашында көз жумган.