Ырчы Султан Садыралиев жакында жеке концертин берет

Эстрада ырчысы Султан Садыралиев жакында жеке концертин тартуулайт. Бул тууралуу ырчыга байланышканыбызда, мындай жооп айтты: «Концерт май айларынын ортосунда өтөт. Жандуу музыка, жандуу үн менен болот баары. Учурда даярдыктар жүрүп жатат».

Ырчы мырза концерти Улуттук филармонияда боло турганын, сахналаш достору да коштоорун, бардык ырларын жандуу аткарышын айтты. Ошондой эле ал ыр кечесине кызуу даярданып жатканын Инстаграмдагы баракчасына видеосу менен бөлүшкөн.