Ырчы Тата Улан Октябрь окуясында ок тийген көзүнө экинчи операция жасатарын айтты

Ырчы Тата Улан Октябрь окуясында ок тийген көзүнө экинчи операция жасатарын жазды.

Жакында экинчи операция. Моралдык жактан даярданып жатам. Акчам бар Кудайга шүгүр. Чогулта калалы деп, калчы элеңер, ошон үчүн алдын ала айтайын. Бирок ойго батырган башка маселе…

Октябрь окуясында мага окшоп жарадар болуп калгандарга, мамлекет кандайдыр бир көмөк көргөздүбү? Болбосо бул акыйкатсыздык. Биз өз ден соолугубузду, өмүрүбүздү, канжыгага байлап, “Кыргыздын келечеги үчүн жаштар келсин, эртең балдарыбыз коррупциясыз өлкөдө жашасын» деп тамак айрылып, «эскилер кетсин” деп ок жесек да чуркап жүрдүк эле. Күнөөкөрлөр экс болушуп, жутунгандар жумшак кресло ээлеп отурушат. Жарадарларга, көздөрү агып кеткендерге, жардам көргөзүлүп жатабы? Себеби бир эле көзгө тамчы эң эле арзаны 700 сомдон башталат. Меники ок кыр сөөккө, көзгө 3 миллиметр жетпей тийген, эртеси врачка барганымда «контузия глаза» деген диагноз коюп, бир тамчы жазып, үйгө жөнөтүп ийген, себеби бизде аппараттар жок экен! Көрсө менин сетчаткам ошондо эле түбүнөн айрылган экен, эки жылдан кийин көзүмө көрүндү. Иши кылып революцияны биз кылдык, силер жыргап салык көтөрүп отурасыңар. Ошол ээлеген креслоңордун акысын, жаракат алгандардан кабар алып рахмат айтып коюп жатасыңарбы? Албетте жок”, — деп жазды ал.