Ырчы Тата Улан Октябрь окуясында ок тийген көзү көрбөй калганын айтты

Ырчы Тата Улан социалдык тармактагы баракчасына 2020-жылдагы Октябрь окуясында ок тийген көзү көрбөй калганын жазды.

«Качан жаңы ыр чыгат?» деген суроолор көбөйүп кеткендиктен ушул чечимди туура көрдүм, күйөрман. Анан жаткан ырларга деле убал, маданиятка деле менден салым болмок. Өзүм болсо өз тиричилигимди кылып айыл чарба менен эл катары алекмин. Ырга акча топтолуп калса чыгарам, топтолбосо, демек, чыкпай калат да. Табалагандарды дагы түшүнөм, көп санаа болбогула, менде силер каалагандай баары анча эмес. Революцияда ок тийген көзүмө операция болуп, эми бир көзүм көрбөй калды, ушуга сүйүнгүлө. Адам тирүлүгүндө элге жакшы из калтырып кетсе жакшы да, болгону элиме колдон келген салымымды кошом деген аракет», — деп жазды ал.