«Байып кетсем, ыр чыгарам». Ырчы Тата Улан чучук сата баштады

Ырчы Тата Улан жеке ишкерлик менен алектенип жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Чакан бизнес баштадым, колдоп бергиле! Байып кетсем, ырларымды чыгара баштайм. Бул чучуктун рецебин өзүм иштеп чыктым. Биринчи сүрсүтүп сууга бышырбай ысык ыштайм, бүт процесс бир жуманын ичинде даярдалат, салмагын жоготот, анан ыр жазгандай эле убакытты алат», — деп жазды ал.