Ырчы Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен эки жолго түшкөнүн билдирди

Ырчы Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен эки жолго түшкөнүн жазып чыкты.

«Бул менин акыркы билдирүүм. Мага учурда жеке жашоом боюнча көп каттар келип жатат. Эгер мүмкүнчүлүк берсеңер, мен кенен айтып берейин. Жигитим экөөбүз үч жыл сүйлөшүп жүрүп, баш кошууну чечтик. Менимче, биз шашып, бул кадамга барыптырбыз. Үч жыл экөөбүз аралыктан сүйлөштүк. Биз эки жолго түштүк… Ким эмне дебесин, кимдин фантазиясы кандай болбосун, ажырашуубуздун себеби — бул бири-бирибиздин мүнөзүбүздүн дал келбей калганы. Ооба, биз мыйзамдуу түрдө баш кошконбуз. Мага ал кагаз маанилүү эмес. Ошондуктан мындай кадамга баруу алдында миң жолу ойлонуп, өзүңө «Мен бул адамды жакшы билемби? Мен өзүмдү ал адам менен ыңгайлуу сеземби?» деген суроо беришиң керек экен. Буга эч ким күнөөлүү эмес. Мен ага жана анын үй-бүлөсүнө ыраазымын. Бул менин жогорудагы окуяга байланышкан акыркы билдирүүм», — деп жазды ал.

Ырчы Толгонай Арзыкеева менен Нурсултан Төлөпберген ушул жылдын август айында расмий түрдө никеге туруп, нике күбөлүгүн алышкан.