Ырчы Төлөгөн Мамыров кыздуу болду

Бүгүн, 1-декабрда ырчы Төлөгөн Мамыровдун жубайы көз жарды. Бул тууралуу ырчы SUPERTV`га билдирди.

“Келинчегим борбордогу төрөтканалардын биринде таңкы саат төрттө көз жарды. Кыздуу болуп, ата статусуна ээ болдум. Кудайга шүгүр, учурда экөөнүн тең абалы жакшы. Дарыгерлер төрөт жеңил өттү деп айтып жатышат. Азырынча ысым тандай элекпиз, ал милдетти чоң ата, чоң энесине ыйгарабыз”, — дейт кубанган ырчы.

Ырчы менен жубайынын маеги төмөндөгү шилтемеде: