Ырчы Үмүтай Абдышова Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрилигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Кубанычтуу кабары менен ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында катталуучуларына бөлүштү.
Сыйлыкты министр Мирбек Мамбеталиев тапшырды.
“2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү. Маанай тартуулаганыңыздарга рахмат! Сыйлыкты алып, кампайтып баратам”, — деп жазган ырчы айым.