Ырчы Юлия Руцкая апасын унаа сүзүп кеткенин айтып, видео кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын апасын унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал элге видео кайрылуу жасап, анда сүзгөн унаанын номери ИИМ кызматкерлерине тийиштүү экенин айткан.

“Апамды чак түштө, жашаган жеринин жанындагы тратуардан унаа сүзүп кетти. Дагы жакшы, окуяга күбө болгондор дароо “Тез жардам” кызматын чакырып, алар да өз убагында келип, апамды ооруканага жеткиришти. Апамдын баш-мээси чайкалып, денеси көк-ала болуп, тиштери сыныптыр. Кудайга шүгүр, азыр эсине келди.

Өкүнүчтүүсү, сүзгөн унаанын номери ИИМ кызматкерлерине тийиштүү экен. Айдоочу окуя болгон жерден качкан жок, чыгымдарды камсыз кылам деп айтып жатат. Ошентсе да, мен мыйзамдын калыстыгына ишенбейм. Сүзүп кеткен айдоочу тууралуу бардык маалыматтар бар. Азырынча аны ачыктабай турайын. Азыр апамдын ден соолугу маанилүү” деген ырчы.