Ырчылар Адилет Эркин менен Илима Дүйшөналиева уулдуу болду

Ырчылар Адилет Эркин менен Илима Дүйшөналиева уулдуу болду. Учурда социалдык тармак аркылуу алардын чыгармачылыктагы жакындары куттуктап, жылуу сөздөрүн жазышууда.

Адилет Эркиндин айтымында, жубайы кечээ, 19-мартта көз жарып, уул төрөгөн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

«Куттуктоолор көп болуп жатат. Баарына рахмат. Буюрса эне-баланын абалы жакшы», — дейт ал.

Айта кетсек, ырчылардын буга чейинки уулу Арслан 2018-жылдын 23-мартында төрөлгөн.