Ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека экинчи наристесин күтүүдө. Бул тууралуу Айдана Дека социалдык тармактагы баракчасына жатып, кош бойлуу сүрөтүн жүктөдү.
“Кудай буюрса, жакында экинчи ирет эне болом. Энелер күнүндө ушундай жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келди”, — деп жазган ырчы.
Белгилей кетсек, кош жылдыз 2019-жылдын март айында баш кошуп, 2020-жылдын 16-январында Ариана аттуу кыздуу болушкан.