Ырчылар Эльзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим ата-эне статусуна ээ болушту

Ырчылар Эльзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим ата-эне статусуна ээ болушту. Кубанычтуу кабарын ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

«Менде жакшы жаңылык бар. Жубайым экөөбүз кыздуу болдук. Кандай кыйналып көз жарганыңды мен бул жакта туруп сездим. Ошол эле учурда Каабаны айланып Аллахтан жардам сурай бердим. Буюрса кызың өзүңө окшош жакшы кыз болуп чоңойсун. Сага окшош күйүмдүү, боорукер, ак көңүл болсун. 

Кызым, сага кичинекей сөзүм бар. Бул дүйнөгө кош келдиң. Апаң экөөбүз баш кошкондо эле мен сени Кудайдан кыз болсо экен деп суранып алгам. Кызым менин, азыр толкунданып эмне дээримди билбей жатам. Апаң экөөңөрдүн ар бир мүнөтүңөрдү бактылуу кылганга аракет кылам. Кызытайым, мен жетпей калган, мен көрбөй калган балалыгымды сага 10 эселеп көргөзөм», — деп жазды ал.

2-июль күнү «Көз мончогум» деп ырдаган ырчы Айгерим Эшимдин кыз узатуу тою болуп өткөн. Ал ырчы Эльзар Тиленбаевге турмушка чыккан.