Ырчылар Талас Амантуров менен Милан Чикагодо баш кошушту (сүрөт)

«Style Mix» триосунун мурдагы ырчысы Талас Амантуров ырчы Миланга үйлөндү. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, алардын тою 22-сентябрда өткөн. «16-августта Чикагодо тагдырыма жазылган таанышуу болду. Капыстан эле эки чыгармачыл адам жолугуп калды. Алар мурда тааныш болгону менен эч качан сүйлөшкөн эмес. Туура 1 айдан кийин Кудай аларды бириктирди», — деп жазды Милан.