Ырчылар Урмат Токонбаев менен Салидинас уулунун ысымын Саян деп коюшту

Ырчы Салидинас төрөтканадан чыкканын, уулуна Саян деген ысым берилгенин жазды.

«Жашоого кош келдиң, Саян. Бизди жолдошум, туугандарым жана досторум тосуп алышты. Бирок бул капыстан болуп кеткенине байланыштуу көбү келбей калды. Дарыгерлер эне менен баланын абалы жакшы деп эрте чыгарышты», — деп жазды ал. 

«Асман» вокалдык сынагынын 2-сезонунун жеңүүчүсү Урмат Токомбаев менен Салидинас 2021-жылы баш кошушкан. 2022-жылы ноябрь айында Салидинас кош бойлуу экенин ачыктаган. Жаш түгөйлөр “гендер” пати уюштуруп, уул күтүп жатканын билишкен. Ал эми 1-майда Салидинас көз жарган.