«Ырчылыкка биротоло кириштим». Роза Азимбаеванын кезектеги чыгармасы жарык көрдү

Буга чейин актриса катары таанылган Роза Азимбаева соңку убактарда ырчылыкка киришип, катарынан жаңы чыгармаларды аткарып чыгууда. Бул ирет “Эрке десем” деген аталыштагы ыр жаздырган ал, чыгарма тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

“Негизи чыгармачылыкка биротоло киришкем. Азыр өзбек элине таандык “Эрке десем” деген ырды аткарып чыктым. Сөзү, обону Баходир Низамовго таандык. Аранжировканы Рамис Алиев жасады. Ал эми клипти орозодон кийин тартууну пландап жатабыз”, — дейт ал.