«Дык-кын-дыш» ыры орус тасмасында жаңырат. «Ырды бекер берүүгө даяр болчубуз» дейт Кубаныч Курманбеков

Интернетте Кайратбек уулу Нурбол аттуу жигит роль ойногон Орусиянын «На близком расстоянии» тасмасынын тизери пайда болду. Эң кызыгы тизерде Кыргызстандын «Ак-Өргө сити» командасынын «Дык-кын-дыш» ыры колдонулган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырдын Орусиянын тасмасына колдонулуп калышы тууралуу билүү үчүн «Ак-Өргө сити» командасынын мүчөсү, актёр Кубаныч Курманбеков менен байланыштык.

«Ооба, бул ырды тасмага колдонуу сунушу электрондук почтага кат аркылуу түшкөн. Биз катты окуп, макул болгонбуз. Эмне үчүн дал ушул ырды тандаганын так айтышкан эмес. Бирок ыр жакты дешти. Ырды колдонуу үчүн гонарар алганбыз. Бирок өтө көп сумма эмес. Менин билишимче, тасма коммерциялык негизде тартылган эмес. Фестивалга катышуу үчүн тартылган. Биз ырыбызды бекер берүүгө да даяр болчубуз. Ал эми тасмада роль жараткан жигитти тааныбайм. Тасма жаратуучулар кимдерди тартышарын айтышкан эмес», — деди ал.

Тасмада атактуу актрисанын жашоосу баяндалат. Ал пандемия учурунда эшигинин алдына келген курьерди көрөт. Борбор Азиядан келген мигрант эс-учун жоготкон абалда болот. Ооруп калуудан коркпогон актриса жаш жигитти үйүндө багат, бирок бир шарт менен… Аталган фильм Орусияда 28-октябрда прокатка чыгат. Башкы ролду актриса Ксения Раппопорт ойногон.

Белгилей кетсек, «Дык-кын-дыш» ыры Ютубда 34 миллион жолу көрүлгөн.