Ырыс Окенова: «Мен бактылуумун. Бактым үчүн Дөөлөткө ыраазымын»

Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жубайы Ырыс Окенова өткөн жылдын май айында өлкөдөн чыгып кетишкен. Алар учурда балдары менен Орусиянын Москва шаарында турушат. Биз Жаңы жыл алдында Сыдыковдордун үй-бүлөсү менен маектешип келдик.

«Биринчи Түркияга чыгып кеткенбиз. Ал жерден да бул жакка кетүүгө туура келди. Учурда чыгармачылык менен алектенип келе жатабыз», — деди Сыдыков. 

«Болуп өткөн окуядан кийин биздин үй-бүлөгө көп асылуулар болду. Биздин жекеликке чейин киришти. Дөөлөттүн тандоосуна чейин асылышты. Бул туура эмес. Мен бактылуумун. Ошого Дөөлөткө ырахмат. Биздин сонун балдарыбыз бар», — деди ал.