Ырысбек Жабиров: «Концерт болуп өткөн залдан бөтөлкө чогултуп, нан сатып алгам»

Мен үйлөгөндөн кийин 2 жыл ата-энем менен жашадык. Ойлоп көрсөм, үйгө туз деле алып барчу эмес экенмин. Бул тууралуу режиссёр Ырысбек Жабиров SUPERTV телеканалына берген маегинде билдирди.

«Мен 50 сом айлык алам. Жубайым иштебейт. Батирге 25 сом төлөйбүз. Чыдадык. Ысык тамак да ичпей калганбыз. 2 ай ысык тамак ичпей жашадык. Ата-энебизден уялып «ачка калдык» деп айткан жокпуз. Эсимде, чогуу иштеген бала экөөбүз концерт болуп өткөн залдан бөтөлкөлөрдү чогултуп, сатып 4 бөлкө алып, мен экөөнү ал экөөнү үйгө алып кеткенбиз. Мунун баарын билип жүрүш керек», — дейт Жабиров.