Ырысбек Жабиров: “Рахман Разыков уулун үйлөнтүүгө камынып жүргөн”

Куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнь күнү коронавирус илдетинен дүйнө салып, кыргыз сатирасы орду толгус оор жоготууга учурады. Алп куудул менен көптөн бери бирге иштешкен режиссёр Ырысбек Жабиров аны төмөнкүдөй эскерет:

“Бир ай мурун үйүмө келип конок болуп кеткен. Ошондо абдан көп нерсе тууралуу сүйлөшкөнбүз. Алдыда көп пландарыбыз бар эле. “Күзүндө уулум Дастанды үйлөнтөм” деп камынып жүргөн. Бул киши өлөм деген киши эмес болчу. Ажал улук экен, арабыздан алып кетти. Ооруканада жатканда телефон аркылуу байланышып, “Сиздин 70 жылдык тоюңузда чогуу бийлейбиз. Оорубаңыз” деп тамашалап, сүйлөшкөм. Эртеси эле суук кабар уктум. Азыр ойлоп көрсөм акыркы убакытта аябай шашып жашаптыр. Кичине эле бош убактысы болсо, эч текке кетирбей чыгармачылыктагы иштерин бүтүрчү эле…”.

Рахман Разыковду кесиптештери, шакирттери кантип эскерет? Видеодон көрүңүз.