Ырысбек Жабировдун жубайы: «Ар шаршемби күнү ыр түрүндө кат жазчу»

SUPERTV телеканалы белгилүү режиссёр Ырысбек Жабиров жашаган үйдө конокто болуп, үйү менен таанышып, андан соң жубайы, үй-бүлөсү менен биргеликте маек курду. Жубайы экөөнүн кантип таанышып, кантип жакшы көрүү сезимин ойготконун айтып берди.

«Өзү ыр жазат. Ошондо эле мага ар шаршемби күнү ыр түрүндө кат жазчу. Бизде азыркыдай телефон жок да, катты почта менен жөнөтчүбүз. Анан 5 мүнөткө буйрутма берип алып, телеграфта сүйлөшчүбүз. Убакыт ал-акыбалды сурагыча эле бүтөт эле», — дейт жубайы.