Ысык-Көлдө «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалы өтөт

Ысык- Көл облусунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
«2022-жылдын 21-22-23- июлда Чолпон-Ата шаарынын Рух-Ордо маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өткөрүлөт.
Фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишет», — деп жазылат маалыматта.