Ысык-Көлдө эс-учун жоготкон 2 жаштагы баланы куткаруучу куткарган

ӨКМдин Тоо куткаруу кызматынын жетинчи өзүнчө мобилдик куткаруу взводунун айдоочу нускоочусу прапорщик Кожоканов Элболот 2 жаштагы баланы куткарып, ага биринчи жардам көрсөттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

15-июлда кезектеги эмгек өргүү убагында Элболот катамаранда эс алып жатып, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында көлдүн жээгинде 2 жашар бала эс-учун жоготконун байкап калган. Ал кичинекей баланы суудан алып чыгып, жасалма дем алдырып,биринчи жардамды көрсөттү.

Бала көзүн ачып, дем ала баштаганда аны ата-энесине өткөрүп берип, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуштаган.