Ысык-Көлгө «Боз үйдүн мекени», Нарынга «Шырдактын мекени» аттуу макам тапшырылды

Бүгүн, 20-декабарда Кыргыз Улуттук тарых музейинде «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Ага Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти — Азиз Муртазаев, Түрксой уюму, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук комиссиясы, Орто Азия боюнча кол өнөрчүлөрдү колдоо ассоциациясы, “Кыял” Иш башкармалыгы жана Кол өнөрчүлөр кеңеши катышты.

Форумдун алкагында “Кол өнөрчүлөр мекени” программасынын негизинде Кыргызстандын Ысык-Көл менен Нарын облустарына Ысык-Көл облусу — “Боз үйдүн мекени”, Нарын облусу — “Шырдактын мекени” аттуу макамы тапшырылды. “Кол өнөрчүлүк тарабында чыккан эң мыкты буюму” программасынын негизинде сынактан өткөн 14 кыргыз чеберлерге Сапат белгиси тапшырылды.